Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

« Үй бүлөдөгү аялдарга карата зомбулук көйгөйү”

М. Р. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институту

Психологиялык педагогикалык жана гуманитардык билимдер   кафедрасы

26”-октябрь 2022-ж.

 « Үй бүлөдөгү аялдарга карата зомбулук көйгөйү”  аттуу семинар өткөрүлдү.

Семинардын өткөргөн кафедранын  ага окутуучулар

Ажыгулова А.Б., Асаналиев К. А.

 

Кыргыз Республикасында никеде турган 15–49 жаш-курактарындагы ар бир төртүнчү аял күйөөсү же өнөктөшү тарабынан сексуалдык, же физикалык зомбулукка туш болушкан, ал эми респонденттердин 17 проценти изилдөөнүн алдындагы акыркы 12 айдын ичинде мындай зомбулуктарды баштарынан кечиришкен.

Кыргызстанда зомбулукка каршы иш алып барган “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова аталган борборго кайрылгандардын жарымынан көбүн үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандар түзөөрүн маалымдап, зомбулукка каршы багытталган мыйзам толук иштебей жаткандыгын билдирет.

Кайрылгандардын 60-70% - үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылып, ошонун айынан жабыркагандар. Конкреттүү түрдө укугу бузулган аялдарга жардам бере турган уюмдар Кыргызстанда азыраак болуп жатат. Аялдарга көмөктөш болуп, аларга өз укугуңарды тебелетпегиле деп окутуп, үйрөтүш керек. Үй-бүлөдөгү зордук зомбулукка каршы мыйзам деле кабыл алынган, бирок ал жакшы иштебей жатат.

       Семинарга  психология-педагогикалык жана гуманиттардык билимдер кафедранын окутуучулары жана студенттер  катышышты. Сезим” кризистик борборунан алып келинген буклеттер жана көргөзмө колдонмолор менен тааныштырышты.

Похожие статьи