Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

“Туруктуу өнүгүү жана туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү”

И. Арабаев атындагы КМУнун М.Р. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды даярдоо институтунун психология-педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасынын окутуучулары, эл аралык тренерлер Бишкек шаарындагы мектептердин мугалимдерине методикалык жардам катары Шамканова Гульмира Джылкычиевна - п.и.к., доценттин м.а.  “Туруктуу өнүгүү жана туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү”,  “XXI кылымдын компетенциялары: функционалдык сабаттуулук (PISA-2025, STEM окутуу жана окуп кетүүгө үйрөтүү)”,  Омүрканова Чынара Токолоңовна - п.и.к., доцент, кафедра башчысы  «Инсанга багыттап окутуу: руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү, жарандык аң-сезими - өзүн таануу”,   “Билим берүүдө салттуу жана заманбап технологияларды колдонуу менен окутуу” деген темаларда бекер окуу-тренингдерди өткөрүп келишүүдө.  Биздин университет чейрек кылымдан бери мугалимдерди келечекке даярдаган, педагогикалык багыттагы окуу жайы болгондугуна байланыштуу, мектептин мугалимдерин, өзгөчө жаш мугалимдерди кесипке тартуу максатын көздөп келет. Мына ушундай алгылыктуу ишти улай ушул жылдын февраль айында Шамканова Г. Дж. жогоруда аталган темаларда кесиптештерди колдоо иретинде Ош жана Нарын шаарларында, Ак-Талаа районунда, Шамканова Г. Дж. Омурканова Ч.Т. Бишкек шаарынын Ленин районундагы №96 мектепте 4-мартта жана №93 мектебинде 18-мартта  акысыз окуу-тренинг өткөрүштү.

Похожие статьи