Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

“Коом жана инклюзивдик билим берүү: практика жана стратегиялар”.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети

М. Р. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институту

Психологиялык педагогикалык жана гуманитардык билимдер   кафедрасы

3 - март 2022-ж.ЖОЖдор жана атайын мекемелераралык

   Тегерек столдун темасы: “Коом жана инклюзивдик билим берүү: практика жана стратегиялар”.

  • инклюзивдик процессти өнүктүрүүнүн негизги стратегияларын жана билим берүүгө киргизүүнүн ийгиликтүү практикасын талкуулоо;
  • инклюзивдик процессти өнүктүрүүдө илимдин, практиканын жана коомчулуктун күч-аракетин бириктирүү;
  • инклюзивдик билим берүү системасын өркүндөтүү боюнча талкуу жана тажрыйба алмашуу, бул багытта биргелешкен изилдөөлөрдү издөө жана билим берүү жана илимий уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо; жаңы байланыштарды түзүү жана жаштарды илимий изилдөөлөргө тартуу.
  • билим берүүнү ишке ашыруучу алдыңкы эксперттер, окумуштуулар, илимий кызматкерлер, билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана мугалимдери; социалдык-тарбиялык инклюзия проблемаларын чечүүчү коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ата-энелер жана ата-энелер коомчулугунун өкүлдөрү.

Берилген темадагы баяндамачылардын сөзү

 Өзгөчө муктаждыктары бар балдарды окутуунун артыкчылыгы багыты катары инклюзивдик билим берүүнү мыйзамдык жактан карап билим берүү практикасын гана эмес, баарынан мурда айрым балдардын тагдырын өзгөртүүдө жогорку социалдык жоопкерчиликти камтыйт. Тегерек стол, - изилдөөчүлөргө, мугалимдерге, ата-энелерге - бири-бири менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, позицияларды салыштырууга жана туура чечим чыгарууга мүмкүндүк берет.

  1. Суходубова Н.А. – п.и.к. ПП жана ГБ кафедрасынын доценти. «Балдарга инклюзивдик билим берүүнүн ченемдик укуктук базасы».
  1. Камчыбек уулу Мырзабек – психология илимдеринин кандидаты, профессор Россия Федерациясынын Педагогикалык жана коомдук илимдер академиясынын (АПСН)  мүчө-корреспонденти,  Ж.Баласагын атындагы КУУнин   Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин деканы.

«Инклюзивдик билим берүүнүн субъекттери катары акыл-эси артта калган балдар».    

  1. Тилекеев Кеңеш Мухтарович  – педагогика илимдеринин кандидаты,  КМУнун педагогика факультетинин деканынын орун басары.  “Иш стажы боюнча: атайын педагогика жана психокоррекция бөлүмүнүн студенттерин даярдоо боюнча”.     
  2. Джаркынбаева Айнура Турдубаевна – ОМУнун педагогика кафедрасынын ага окутуучу “Инклюзивдик билим берүү Кыргызстанда” онлайн чыгып доклад жасады.
  1. Романова Татьяна Николаевна - КР РМКПнын төрагасы – “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгү”.

      5.  Баялиева Айсулуу Сүйүтбековна – п.и.к.,  Ж.Баласагын атындагы КУУнин ага окутуучусу

      “Кыргызстандагы көп маданияттуу билим берүү  – “Катардагы көп маданияттын өнүгүү фактору катары”.

  1. Эралиева Чолпон Карымшаковна — Бишкек шаарындагы № 30 атайын көмөкчү мектептин директору.

            Инклюзивдик билим берүү - спорттук инклюзия (Кыргыз Республикасынын атайын олимпиадасынын   программасынын алкагында).

     7.  Султанова Нургүл Асановна  «Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо коомдук фонду»      «НурБулак» -   директору

   8.- «Жүрөгүңдү ач» коомдук кайрымдуулук фонду - директору Лобасенко Людмила Викторовна

   9.  Евразия, Борбордук Азия коомдук фонду - директору Надирбекова Анара Айтбековна

   10.  «Бирге ден соолук» коомдук фонду Суванкулова Айнура Абдышевна

   11 . Рахимова Ж.Т. - п.и.к.,  ПП жана ГБ кафедрасынын доценти.“Инклюзивдик билим берүү багытындагы квалификацияны жогорулатуу курстарынын иши жөнүндө”  .

Докладдар жасалып, талкуу жүргүзүлүп, жыйынтыгында  мемора́ндум түзүүгө макулдашылды. Ош мамлекеттик университети, Ж. Баласагын.атындагы Кыргыз улуттук университети, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университет  онлайн жана офлайн форматта катышышты жана Бишкек шаарындагы атайын мектеп, мектепке чейинки билим  берүү мекемелер, ошону менен бирге Мамлекеттик фонддордун өкүлдөрү активдүү катышышты.  Психологиялык педагогикалык жана гуманитардык билимдер   кафедрасы жалпы жамааты жана студенттери катышты.

Похожие статьи