Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

«Мектепке балдарды даярдоо”

М. Р. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институту

Психологиялык педагогикалык жана гуманитардык билимдер   кафедрасы

11”-октябрь 2022-ж.

 «Мектепке балдарды даярдоо”  аттуу семинар өткөрүлдү.

Семинардын өткөргөн кафедранын  доценттери Турусбекова Анара жана Сейдекулова Кулсун

 

Бүгүнкү  күнү  бардык  жакшы  нерселер  балдарга  арналып,  коомдо  жаш  наристелерге бактылуу келечегин  камсыз кылуу үчүн   мамлекеттик  денгээлде  көңүл бурулуп жаткан  мезгили. Балдар   биздин  келечегибиз  катары  аларга  кам  көрүү жана келечекте  коом үчүн  керек  болгон, татыктуу, турмуштан ордун тапкан, ар кандай  проблемаларды   өз алдынча чечүүгө  жөндөмдүү  болгон  өспүрүмдөрдү  тарбиялоо   негизги  максаттарыбыздын  бири болуп  саналат.

         Балдарды мектепке даярдоо маселеси  кийинки мезгилдерде педагогика, психология  илиминде  орчундуу  орунду ээлеп  келе  жатат. Анткени,  баланын келечегинде  ар кандай  кыйынчылыктарды  жеңе билүүсү жана  ийгиликке  жетишүүсү  анын  даярдыгына  байланыштуу  болот.

Эң негизги  максаттардын  бири  болуп баланы  мектепке  көндүрүү  болуп  саналат. Мына ушуларды ишке ашыруу үчүн келечектеги педагогдорго балдарды даярдоонун усулдук ыкмадары сунушталат. Баланы  мектепке  даярдоо ар тараптуу,  баланын бүт  жашоосун камтыган  процесс  болуп  саналат.

      Баланын  ички дүйнөсүнө өзгөртүүлөрдү  киргизип,  окууга  болгон мамлесин  калыптандырып,  окуучу болууга жана окуу  ишкердүүлүгүн  өздөштүрүүгө  жардамдашуу.  Бул  максаттарды  алдыга  коюлган  милдеттерди  ишке  ашыруучу  - бул  мугалимдер  болушат.

 

Семинарга  психология-педагогикалык жана гуманиттардык билимдер кафедранын окутуучулары жана магистранттары катышышты.

Похожие статьи