Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

Балдардын социалдык адаптациялоо борбору

М.Р. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун жааматы менен окутуучулар, кызматкерлер жана магистранттар менен биргеликте,  Бишкек шаарындагы Мерияга караштуу Жал кичи кичирайонунун  Балдарды социалдык адаптациялоо борборуна барып, ал жакта тарбияланып жаткан балдар менен жолугуп, ала барган оюнчук, таттууларды берип кайттык. Биз барган учурда Бишкек шаарынын №95 орто мектебинин тарбия бөлүм башчысы менен бирге 11-класстын окуучулары келип ыр–күлкүү тартуулап, мекемедеги тарбияланган балдарга мотивация берип чын дилден аларга колдоо көрсөтүп тургандыгы көрүнүп турду иш чарадан соң, ишембилик өткөрүп берүүгө келишиптир.

Ал мектептин тарбия  бөлүм башчысы Насипа Мансуровна жаш болгондугуна карабастан мыкты уюштургуч, чыныгы педагог экендигин окуучулардан улам көрүнүп турду, анткени окуучулар бири-бири менен ынтымактуу жана жөнөкөй мыкты балдар экендигин көрүп абдан биз дагы ыраазы болдук. Балдар эшиктеги жумуштар менен алек, ал эми кыздар борбордун ичин тазалап көмөк көрсөтүп турушат экен. Биз №95 мектептин директорунун орун басары Насипа Мансуровна  менен сүйлөшүп, мындан ары биргелешип иш алып барууга макулдаштык.

Балдарды социалдык адаптациялоо борборунун директору Атамырзаева Мукарам Атамырзаевна жана улуу тарбиячы Калдымолдоева Кундуз Сагынбековна менен баарлашып, ар кандай тагдырдагы балдар 4-жаштан 18-жашка  чейин балдар жашашат экен. Бул жерде турмуштук оор кырдаалда турган жана ата-энесинин камкордугу жок калган балдарга жана өспүрүмдөргө социалдык, медициналык, психологиялык жана педагогикалык кызмат көрсөтүлгөнүн айтып беришти. Алты ай аталган мекемеде кармалып, андан соң ата-энелерине же туугандарына өткөрүлүп берилет же балдар үйүнө кетишет экен. 

Ар бир баланын тагдыры кейиштүү экендигин айтып берип жатышты. Мекеменин жатаканасы, ашканасы, балдар чыгармачылык менен иш алып барган кабинет ж.б. менен таанышып чыктык. Биздин институт мындан ары дагы колдон келген жардамдарыбызды берүүгө аракет кылабыз. Мүмкүнчүлүккө карата мекемеде иштеген педагогдорго педагогикалык жардам катары бир күндүк бекер семинар уюштурууну пландап жатабыз. Жетекчилик менен  сүйлөшүп, кандай темада өткөрүүнү талкуулап, андан соң иш жүзүнө ашырууга аракет кылабыз.

Похожие статьи