Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

Сүйүнү, сүйүнчү! Тарыхчы Жумагул Байдилдеевдин жаңы китеби жарыкка чыкты

12- декабрь улуу жазуучу Айтматов Чыңгыз Төрөкуловичтин туулган күнүндө жана ошондой эле Адабият күнүндө И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде дагы чоң иш- чара болуп өттү.

Тактап айтканда тарых илимдеринин кандидаты, доцент Байдилдеев Жумагул Рыскулбековичтин «Чыңгыз Айтматов дүйнөсүндөгү эркин мамлекеттүүлүктүн идеясы- аттуу» тарыхый публицистикалык китептин бет ачаары болду.
Аталган иш- чарага окуу жайдын ректору, профессор Төлөбек Абылович Абдырахманов, проректорлор Тууганбай Коңурбаев, Октябрь Капалбаев, Кыргыз Эл баатыры Алиясбек Алымкулов, Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аалы Молдоканов, Улуттук илимдер академиясынын тарых жана экология институтунун илимий кызматкери, тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова, тарых илимдеринин кандидаты Гүлзада Абдалиева жана башкалар катышып китеп боюнча, китептеги негизги каарман, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу жакшы ой- пикирлерин айтышып, китептин автору Ж. Байдилдеевге ыраазычылык билдиришти.

Эске сала кетсек, Ж. Байдилдеев буга чейин тарыхый публицистикалык китептерин чыгарып, окурмандарга тартуулаган.

Учурунда «Рух кенчи» деген атлыштагы гезитти жалгыз өзү чыгарып, элдин баасына татыганын да эсиңиздерге сала кетели.
Турмуштун ысык- суугуна күйүп, жаштайынан чыйрак өскөн Ж. Байдилдеев учурда илимий чыгармачылык иштин үстүндө эмгегин улантууда.

Похожие статьи