Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

М.Р.Рахимова атындагы КЖжККД институтунда окутуучулар жана Бишкек шаарынын жалпы орто билим берүү мектептеринин директорлору менен биргеликте тегерек отурум ѳттү

6-ноябрда И.Арабаев атындагы КМУнун М.Р.Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунда университеттин окутуучулары жана Бишкек шаарынын жалпы орто билим берүү мектептеринин директорлору, орун басарлары менен биргеликте тегерек отурум болуп ѳттү.

Отурумду ректор, профессор Т.Абдырахманов ачып берип, университетет кѳбүнчѳ педагогикалык багыттагы кадрларды даярдагандыгы үчүн мектептер менен тыгыз байланышта иш алып барып жүргѳндүгүн белгилеп ѳттү.

Акыркы мезгилде университет орто мектептер менен келишимдерди кѳбѳйүп жаткандыгын жана мектептерге 3-4-курстун студенттерин практикага жиберүү, бюджетик негизде билим алган бүтүрүүчүлѳрдү ишке орноштуруу сыяктуу маселелерди айтып ѳттү.

Ошондой эле орто мектептерде тажрыйбалуу методисттер тартыш болуп жаткандыгынан бар экендигин айтып, колдон келишинче жардам кѳрсѳтѳѳрүн билдирди.

Институттун директору Акиева Гульдана Салморбековнага сѳз берилди. Андан соң квалификацияны жогорулатуу бѳлүмүнүн, орто мектептин, кафедра башчыларынын ортосунда кызыктуу талкуу жүрдү. Талкууда мектептердеги окуу процессинин кѳйгѳйлѳйлѳрү, кемчиликтери жана жетишкендиктери тууралуу айтылып, сунуштар айтылды. Ошондой эле мугалимдердин жаңы маалыматтык технологияларды колдонуп сабак ѳтүүгѳ курс, семинарларды ѳтүп берүү боюнча дагы маселелер каралды.

Похожие статьи