Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

И. Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университетинде 2020-жылдын 4-5 мартында «Билим Стандарт» көз карандысыз агенттиги тарабынан аккредитация болуп өттү.

И. Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университетинде 2020-жылдын 4-5 мартында «Билим Стандарт» көз карандысыз агенттиги тарабынан аккредитация болуп өттү. КМУнун кызматкерлери аккредитациянын талабына ылайык бакалавр багытындагы программалардын тийиштүү иш-кагаздарынын бардыгын жана материалдык базаны эксперттерге көргөзүшүп жогорку деӊгээлде баалана алышты. Ошондой эле эксперттик комиссия азыркы учурда билим алып жатышкан И. Арабаев ат. КМУнун профессордук-окутуучулар курамы, студенттери жана бүтүрүүчүлөрү, жумуш берүүчүлөрү менен интервью алышып жалпы жолунан оӊ бааларын беришти.

Бүгүнкү күндө университет заманбап талапка ылайык жабдылган, техникалык базасы чыӊдалган, сапаттуу билим берүүдө, эл аралык байланышта, академиялык мобилдүүлүк боюнча өзгөчөлөнүп  жана педагогикалык кадрларды даярдоодо бирден бир алдыӊкы мамлекеттик университет экендиги эксперттер тарабынан бааланды.

Соӊунда И. Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университетинде 2020-жылдын 5 мартында «Билим Стандарт» көз карандысыз агенттигинин эксперттик иштери аяктап, жыйынтыгында аккредитациядан беш жылдык мөөнөткө өткөндүгүн атайын отурумда билдиришти.

Университеттин жалпы жамаатын аккредитациядан ийгиликтүү өтүшү менен чын дилден куттуктайбыз жана «Билим Стандарт» көз карандысыз агенттигине ыраазычылык билдиребиз.

Похожие статьи