Заголовок страницы

Congue iure curabitur incididunt consequat

“Балдарды социалдык адаптациялоо”

И.Арабаев ат. КМУнун М.Р. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун директору п.и.д, профессор Акиева Гульдана Салморбековна баштаган эмгек жамааты 2022-жылдын 1-июнунда “Балдарды коргоо күнүнө” карата  Бишкек шаарындагы Мерияга караштуу Жал кичирайонунда жайгашкан “Балдарды социалдык адаптациялоо” борборуна сапар алып келдик. Балдарды социалдык адаптациялоо борборунун директору Атамырзаева Мукарам Атамырзаевна жана улуу тарбиячы Калдымолдоева Кундуз Сагынбековна кызматкерлери менен бирге биз барган учурда ал жактагы улан-кыздарды кичизалга чогултуп биз менен жолуктуруп, чакан концерт уюштурушту. Андан кийин куттуктоолорубузду айтып, ала барган кийим-кечек, оюнчук, таттууларды ыйгардык.

Эскерте кетсек, буга чейин дагы институттун жамааты жана магистранттары болуп барып, директору Атамырзаева Мукарам Атамырзаевна жана улуу тарбиячы Калдымолдоева Кундуз Сагынбековналар менен таанышып, жакындан баарлашып, ар кандай тагдырдагы балдар 4-жаштан 18-жашка чейинки балдар жашагандыгын, бул жерде турмуштук оор кырдаалда турган жана ата-энесинин камкордугу жок калган балдарга жана өспүрүмдөргө социалдык, медициналык, психологиялык жана педагогикалык кызмат көрсөтүлөрүн айтып беришкен. Ошондой эле, ал балдар бул мекемеде алты ай кармалып, андан соң ата-энелерине же туугандарына өткөрүлүп берилет же балдар үйүнө кетишет экен. 

Институт мындан ары дагы колдон келген мүмкүнчүлүктөрдү аябай, психологиялык-педагогикалык жаатта дагы жардамдарды берүүгө аракет кылып тураарыбызды билдирип кайттык.

Похожие статьи