Учебный процесс

     М. Р. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо  институтунда окуу процесси окуу пландарынын, окуу графигинин, семестрдик окуу пландарынын, сабактардын жүгүртмөсүнүн негизинде жѳнгѳ салынат жана студенттердин  билими  учурдагы, аралык, жыйынтыктоочу аттестациялоонун негизинде текшерилет. Окуу процессин пландаштыруу, уюштуруу жана иш жүзүнѳ ашыруу Окуу бѳлүм жана кафедралар тарабынан  уюштурулат.

  Институтта окуу процессинин бардык областтарын жана бардык окуу структураларынын ишин бириктирген AVN базасы орнотулган. Жумушчу окуу пландары кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык түзүлгөн. Модулдарды компьютердик тестирлөө аркылуу тапшыруу системасы ишке киргизилген. Окуу бөлүмү студенттерди практика, стажировка базалары менен жана ошондой эле окуусун магистратурада улантууну камсыз кылат. Окутуучулар арасында квалификацияны жогорулатуу курстары ар дайым уюштурулат.

  «Модулдук — рейтингдик системанын» жобосуна ылайык иш — чаралар уюштурулуп,   кафедраларга бекитилген предметтер боюнча окуу-методикалык комплекси, модулдун суроолору түзүлүп, студенттер үчүн ѳз алдынча иштердин тапшырмалары даярдалган. Ар бир модулдун  жыйынтыгы кафедранын жыйынында, институттун жыйынында каралып, анализделип окуу бөлүмүнө тапшырылат.

  М. Р. Рахимова атындагы КЖ ж ККДИнун аттестациялануучу адистиктеринин окуу пландары мамлекеттик билим берүү  стандартынын негизинде түзүлүп, университеттин Окумуштуулар Кеңешинин 31.10.2014 жылынын №2 протоколунун чечиминин негизинде бекитилген. Окуу планында керектелген мазмундун, көлөмдүн предметтик минимуму жана семестирдин 30 кредиттик жүктөмү сакталган. Талапка ылайык жалпы гуманитардык жана социалдык-экономикалык дисциплиналар, жалпы кесиптик жана адистик боюнча сааттар, практика жана мамлекеттик аттестациялык сынактар ар бир адистиктин ѳзгѳчѳлүгүнѳ ылайык көрсөтүлгөн. 

  Аттестациялануучу  адистиктердин бардык окуу формалары үчүн окутулуучу дисциплиналардын жумушчу программалары Мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде түзүлгөн жана коюлуучу бардык талаптарга жооп берет. Окуу программаларынын мазмуну жана структурасы окуу пландары, мамлекеттик стандарттар менен дал келет жана институт тарабынан бекитилген жобого ылайык түзүлгѳн окуу-усулдук комплекстерде, силлабустарда чагылдырылган.

  Бардык аттестациялануучу адистиктердин окуу пландарында бардык циклдар боюнча жалпы сааттын кѳлѳмү  7200 сааттын чегинде түзүлүп, мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына жооп берет. Окуу пландарында теориялык окуунун узактыгы студенттин илимий-изилдѳѳ иштери менен бирге 156 жана 104 (орто-кесиптик негизде жана жогорку–кесиптик негизде билим алуу) жуманы түзѳт. Семестрде жумушчу окуу планы боюнча 8-10 экзаменден  кѳп эмес пландаштырылган. Семестрдин узактыгы курсту эске алуу менен 18-21 жуманы түзѳт.

Дистанттык технологияларды пайдалануу менен сырттан окутуу.

  М.Р.Рахимова атындагы КЖжККДИде окуу процесси дистанттык технологияларды пайдалануу менен сырттан окутуу катары уюштурулгандыктан окутуучу менен студенттин бири-биринин ортосундагы аралыктан  жана мейкиндик менен убакыт чектеринен көз каранды эмес окутуунун каражаттары менен интерактивдүү өз ара аракеттешүү процессин оптималдуу башкарууну камсыздоочу педагогикалык, маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар системалары аркылуу ишке ашырылат. 

  КЖжККДИде маалыматтык-билим берүүчүлүк чөйрө түзүлгөн, анда керектүү маалымат булактарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү студенттер үчүн өтө ыңгайлуу түрдө уюштурулган.

  М.Р.Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун дистанттык окутуу системасында  педагогикалык багыттагы бардык профилдери үчүн окуу курстары иштелип чыккан. Мазмуну ар башка болгону менен, алардын жалпылыгы бар, ал баарыдан мурда — курстун түзүмү.

  Негизги теориялык жоболор менен катар профессордук-окутуучулар курамы тарабынан иштелип чыккан окуу-методикалык курстар практикалык интерпретацияларды, түрдүү мисалдарды камтыган, окуу материалдары боюнча кеңеш алуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурларда берилген маалыматтарды жакшы өздөштүрүүгө мүмкүндүк берген ири сандагы көмөкчү маалыматтар жана иллюстративдүү материалдар менен, алардын арасында схемалар, графиктер менен жабдылган. Сырттан дистанттык технологияны пайдалануу менен окуган студенттер үчүн  окуу материалдары  бир эле адабияттын негизинде иштелип чыккан иштелмеси эмес, ал студенттерди өздөштүрүп окууга багыттаган бир катар булактардан  алынган иштелмеси. Ошондуктан студенттер кайрылууга мүмкүн болгон түрдүү ресурстар шилтемелер берилген. Мындан тышкары, модулдун ар бир темасынын алкагында  аны түшүнүү үчүн керектелген билимдерди өздөштүрүүнү күбөлөгөндөн кийин гана кийинки темага өтүү мүмкүндүгүн каралган, өздөштүрүп жаткан материал боюнча өзүн-өзү текшерүү методикасы иштелип чыккан. Студенттер өзүн-өзү текшерүү үчүн иштелип чыккан суроолорго жооп берүү менен гана чектелбей, алар талдоого, көйгөйлүү кырдаалдарды жана тапшырмаларды чечүүгө багытталган. 

  Окуу процессинде студенттер менен окутуучунун on-line режиминдеги баарлашуусу да каралган. Окутуучунун жаңы ролу: ага төмөнкүдөй функциялар жүктөлгөн: таанып-билүүчүлүк процессин координациялоо, окутуучу курсту жөндөө, жекече окуу планын түзүүдө кеңеш берүү, окуу долбоорлорун жетектөө ж.б. Ал окуу топторун башкарат, студенттерге алардын өз алдынча иштөөсүнө жардам көрсөтөт, студенттер үчүн татаал суроолорго жооп берет. Бул баарлашуу билдирүү, электрондук кат түрүндө гана болбостон, ошондой эле атайын бөлүнгөн убакыттагы видео-конференция формасында болушу мүмкүн. Видео-конференцияны колдонуп окуу процессин уюштуруу окутуучудан чоң даярдыкты талап кылат. Ошондуктан институттун профессордук-окутуучулар курамына видео-конференция уюштуруу маселелерине арналган  квалификацияны жогорулутуучу курстар өткөрүлүп жатат. Институттун профессордук-окутуучулар курамынын ыктыярдуу демилгелери  менен айрым дисциплиналар боюнча вебинарлар да  өткөрүүдө.