Дистанционное обучение

 

М. Р. Рахимова атындагы КЖ жана ККД институтутнун Дистанттык (аралыктан) окутуу бөлүмү

   И. Арабаев атындагы КМУнун М. Р. Рахимова атындагы КЖ жана ККД институтунун сиратегиялык багыттарынын бири – дистанттык билим берүүнү өркүндөтүү болуп саналат.

   Дистанттык окуутуу—  жогорку квалификациядагы профессордук-окуутучулар курамдын, заманбап электрондук технологиялардын жана телекоммуникациялардын , атайын иштелип чыккан окуу методикалык комлекстердин жардамы менен билимин өркүндөтүүнү жана кошумча жогорку билимди аралыктан алуу жолдорунун бири.

   Дистанттык окутууну уюштуруу максатында КЖ жана ККД институтунда 2010- жылы директор, п.и.д., профессор  Г. С. Акиеванын жетекчилиги астында аралыктан окутуу бөлүмү түзүлгөн.

 Институттун Дистанттык окутуу бөлүмүнүн негизги максаты дистанттык (аралыктан) окутууну өркүндөтүү жана андан ары өнүктүрүү.

   Дистанттык окутуу бөлүмүнүн башкы милдеттери:

  • институтутта ишке ашырылып жаткан негизги жана кошумча кесиптик билим берүү программалары боюнча (аралыктан) билим берүу технологияларын колдонуу менен окутуу процессин уюштуруу;

  • жогорку квалификациядагы педагогикалык кадрларды даярдоонун жана кайра даярдоонун бирдиктүү , билим берүү линиясын түзүү;

  • Кыргызстанда же андан тышкаркы аймактарда болобу калктын бардык катмарларына билим алуунун жеткиликтүү болуусун камсыздоо;

  • адистердин кваликациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо;

  • институттун  окуу процессине жаңы компьютердик технологияларды киргизүү;

  • окуу процессинде дистанттык окутууну пайдалануунун эффективдүүлүгүн  жогорулатуу;

  • билим берүүнүн сапатын текшерүү үчүн заманбап инструменталдык каражаттарды колдонуу.

   Институтта дистанттык (аралыктан) окутуу КР “Билим беүү жөнүндөгү” мыйзамынын (30.04.2003-ж № 92); “КР жогорку кесиптик билим берүү мекемеси жөнүндө” жобонун (03.02.2004-ж. № 53);  Билим берүү жана илим Министрлигинин нормативдик актыларынын, университеттин жана институттун Уставынын жана нормативдик документтеринин негизинде ишке ашырылат.

   Дистанттык окутууну өнүктүрүүнүн башка өлкөлөрдөгү тажрыйбасы изилденип жана талданып, нормативдик-укуктук, материалдык-техникалык жана программалык базасы түзүлгөн.

   Бөлүмдө адистерди даярдоо педагогикалык багыттагы жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарынын негизинде жөнгө салынат.

   Окуу процессин  уюштуру үчүн бөлүмдө төмөнкү технологиялар колдонулат:

  1. кейс-технология, бул окуу-усулдук материалар атайын кейске топтолуп, окуу дисциплиналарды өз алдынча окуп чыгуу жана окутуучу тарабынан көзөмөлгө алынып, консультация берүү үчүн студентке электрондук техника аркылуу жиберилет.

  2. Тармактык технология, локалдык жана ааламдык тармактык мүмкунчүлүкөрдү колдонуу менен студентти окуу-усулдук материалдар менен, студент жана окутуучунун интерактивдик  аракеттенүүсүн камсыз кылуу.

   Аталган технологияларды колдонуу менен дистанттык окутууну ийгиликтүү жүргүзүү үчүн институтта керектүү техникалык программалык окуу-методикалык жана уюштуруучулук камсыздоо бар.

   Бүгүнкү кундө дистанттык (аралыктан) окутуу институтта педагогикалык кадрлардын квалифициясын жогорулатуу, кайра даярдоо процесстерин жаңылоо жана өркүндөтүү үчүн келечеги кең багыттардын бири катары каралууда.

   Окуу процессинин  ийкемдүүлүгү, маалыматтарды алуунун тездиги, психологиялык жакшы маанайдын жана ыңгайлуулуктун  түзүлүшү, сабактарды окутууну жаңылоо, билим алууну негизги кызматы менен айкалыштырууга мүмкүнчүлүктүн  болгону – дистанттык (аралыктан) окуунун  бери жактагы  артыкчылыктары. Ошондуктан институтта дистанттык окууда педагогдор гана эмес, башка чөйрөнүн адистери дагы билим алууга умтулууда.