Повышения квалификации

М. Р. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институту

Квалификацияны жогорулатуу боюнча жетектоочу адис Таштанова Ырыскүл Тумановна

Квалификацияны жогорулатуу бөлүмү

      М. Р. Рахимова атындагы КЖ ж/а ККД институтунда педагогикалык адистердин квалификациясын жогорулатуу –  педагогдук кесиптин ээлеринин ишмердүүлүк деңгээлин өркүндөтүү, профессионалдык  компетенттүүлүгүн  өстүрүү,  жана ошондой эле теориялык билимин  жана  практикалык билгичтигин жогорулатуу максатын көздөгөн үзгүлтүксүз профессионалдык билим берүүнүн түзүүчү бөлүгү болуп эсептелет.

Квалификацияны жогорулатуунун  маселеси мугалимдин, педагогдун, тарбиячынын, жетекчинин башкаруу билгичтигин өстүрүүгө, жаңы  нормативдик-укуктук документтер менен таанышууга жана аларды анализдөөгө, өз алдынча билим алуусунун мазмунун аныктоого салым кошуу жана ошону менен бирге педагог адистердин аттестацияга даярдык көрүүсүнө жана окуу процессине инновацияларды киргизүүсүнө жардам берүү болуп эсептелет.

Окуу процесси алдыңкы окумуштуулардын, новаторлордун жана чеберлердин жетекчилиги  жана  катышуусу менен сааттык төлөмдүн негизинде ишке ашат.

         Квалификацияны жогорулатуу бөлүмү  жогорку жана  орто кесиптик окуу жайлардын окутуучулары, жалпы билим берүүчү мектептин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогдору үчүн иштелип чыккан программалардын негизинде иш алып барат.

М.Р.Рахимова атындагы КЖ ж/а ККД институтунун квалификацияны жогорулатуу бөлүмү төмөнкү  курстарды өткөрөт:

  • узактыгы 72 саатка чейин, угуучулардын педагогикалык кесиптик  ишмердүүлүгүнүн актуалдуу проблемалары  боюнча кыска мөөнөттүү, окутуу;
  • узактыгы  72 ден 100 саатка  чейин, педагогдордун билим берүүнү уюштуруу жана кесиптик ишмердүүлүгүндөгү проблемалар боюнча тематикалык жана проблемалык, окутуу;
  • узактыгы 100 сааттан жогору, билим берүү мекемелеринин адистерин илимдин, техниканынын, технологиянын, профессионалдык ишмердүүлүктүн социалдык  жана башка проблемалары боюнча тереңдетип окутуу. 

        

         Окуу процесси угуучулардын талаптарын канааттандыруу  максатын көздөйт.

   Окуу тайпалары угуучулардын билим деңгээлин, ээлеген кызматын жана практикалык тажрыйбасын эске алуу менен топтолот.

        Квалификациясын жогорулатуу курстары өздөрүнүн кесиптик компетентүүлүгүн натыйжалуу өркүндөтүүгө  жана  адистик деңгээлин жогорулатууга кызыкдар болгондорго  жардам берет.   

         Угуучулар курстардын сапатын анкетанын суроолоруна жооп берүү аркылуу баалашат.

     Курстардын билим берүү сапатын жогорулатуу максатында аларды өткөрүүдө белгилүү педагогдор, илим жана маданияттын көрүнүктүү ишмерлери тартылат.

           Ошону менен бирге ордуна барып окутуу курстары жана семинар — тренингдери да каралган.

         Квалификацияны жогорулатуу бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн өнүктүрүү максатында  чет өлкөлүк жана көптөгөн жергиликтүү билим берүү мекемелери менен келишимдер түзүлгөн. Мисалы,  KAS-BIOM-EU project, Республикасынын «Сырдария» университети,  К. Кольбаев атындагы Бишкек автомобилдик  жолдор колледжи, К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжи, Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институту,  №4 адистик лицейи, Милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы ИИМ Академиясы, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжи,  «Илим» билим берүү комплекси,  «Билимкана» коомдук фонду, «Баластан бермети» бала бакчасы, «Кораблик» МЧДМ, №115 бала бакча-яслиси ж.б.

Угуучулар үчүн актуалдуу темалар сунушталат. Курстардын темаларын тандап алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Мисалы:

  •  жогорку жана орто адистик окуу жайларынын окутуучулары үчүн:

 «Методология, дисциплиналарды окутуу сапатын жогорулатуунун инновациялык технологиялары», «Академиялык сабаттуулуктун негиздери», «Манастаанууну окутуунун актуалдуу проблемалары»,«Педагогдун адистик компетенттүүлүгү жана билим берүүнүн инновациялык технологиялары», «Табигый — илимий предметтерди окутуунун информациялык – коммуникациялык технологиялары», «Дисциплиналарды окутуу сапатын жогорулатуунун инновациялык технологиялары», «Билим берүү системасында адистик ишмердиктин психологиялык аспектилер», «Педагогикалык чеберчилик» ж. б.

  • орто мектептердин мугалимдери үчүн:

«Мектептин окуу процессинде интерактивдүү досканы пайдалануу», «Азыркы педагогикалык технологиялардын шартында мугалимдин иш — аракетинин психологиялык — педагогикалык аспектилери», «Педагогдун  адистик компетенттүүлүгү жана билим берүүнүн жаңы технологиялары», «Мектепте «Адеп» сабагын окутуунун педагогикалык  технологиялары», «Педагогдун адистик чеберчилигин өстүрүүчү инновациялык билим берүү технологиялары»,«Мамлекеттик тилди окутууда инновациялык технологияларды колдонуу – филологиялык билимдин сапатын жогорулатуунун фактору катары»,  «Англис тилин окутуунун жаңы педагогикалык технологиялары», «Көркөм өнөр билиминде (сүрөт, дизайн, чийүү, эмгек) информациялык жана коммуникациялык технологияларды пайдалануу» ж.б.

  • мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлери үчүн:

«Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин шартында инновациялык ыкмалардын жана билим берүү технологияларынын колдонулулушу», «Билим берүү процессин жаңылоо жана мамлекеттик талаптарды ишке ашыруу максатында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине методикалык колдоо көрсөтүү»,«Логопеддин адис катары профессионалдык компетенттүүлүгүн калыптандыруу», «Коррекциялык педагогиканын теориялык жана практикалык проблемалары»  ж.б.

Квалификациясын жогорулатуу курстарынын  жыйынтыгы боюнча тастыктоочу сертификаттар тапшырылат.